Экология жылы - 2020

07.10.2019
Басып чыгаруу

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

 Урматтуу Сооронбай Шарипович,

    Кыргызстан Жашылдар партиясы Сизге мурда, өлкөнүн учурдагы экологиялык проблемалары жана алардын терс таасирлери (экосистемалардын бузулушу, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, суу соолуп жана анын сапатынын начарлашы, уран калдыктары, ж.б.) жөнүндө баяндап, Кыргызстанда Экология жылын жарыялоо демилгеси менен кайрылган. Бул жөнүндө каттын көчүрмөсү (чыг.№1011, 25.06.2018 ж.) тиркелет.

      Биз өлкөнүн негизги приоритети – бул экология экендигин аныктоо, ошондой эле 2020-жылды Кыргыз Республикасында Экология жылы деп жарыя кылуу зарылчылыгына Сиздин көңүлүңүздү дагы бир ирет бурабыз.

      Биздин бул көз карашты туруктуу кармануубуз, эгемендүү Кыргызстандын  өнүгүү жылдарында Экология жылы деп бир дагы жолу атала электиги, ошол эле учурда, дүйнөдөгү экологиялык маселелер жыл сайын уламдан-улам күн тартибинде эң негизги маселе болуп жана көптөгөн мамлекеттер жыл сайын бул маселени алдыңкы планга коюп келе жатышкандыктары менен түшүндүрүлөт. Мисалы, Россияда, 2013-жыл айлана-чөйрөнү коргоо жылы жана 2017-жыл – экология жылы деп жарыяланды; Казакстан 2013-жылы “Экологиялык маданият жана айлана-чөйрөнү коргоо жылын”өткөрдү.

      Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо маселелери дагы деле болсо экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдөн кийинки экинчи планга калтырылып, көпчүлүк учурларда  декларацияланган бойдон  келе жатат.

     Ошол эле учурда, жарандык коом өлкөдөгү чечилбеген экологиялык көйгөйлөрдүн кесепетинен келип чыккан бардык тобокелдиктерди жана коркунучтарды жакшы түшүнөт.

    Биздин аракетибиз менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча жана бул багытта алардын өкмөттөн эмнеге үмүттөнөөрлүгү тууралуу коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бала бакчалардан баштап өлкөнүн борбордук мамлекеттик органдарына чейинки уюмдарга жана мекемелерге 10 000 (он миң) ден ашуун анкеталар таркатылган, ошондой эле, Кыргызстан Жашылдар партиясынын (www.green.kg) сайтында жайгаштырылган.

     Мынчалык ири масштабдуу сурамжылоо Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлдү. Респонденттердин басымдуу көпчүлүгү өлкөнүн экологиялык абалы боюнча тынчсыздануусун жана экологиялык системасындагы өнөкөткө айланган көрүнүштөргө, айлана-чөйрөнү коргоо  боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү төмөнкү иш-натыйжалуулугу жана жемкорлук схемаларына байланыштуу нааразылыгын билдиришүүдө. Бул бизди абдан тынчсыздандырат.

      Сиз 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри катары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө болгон жарандардын эң төмөнкү ишеним деңгээлине көңүл буруп, экологиялык мамлекеттик тармактардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоготуу боюнча реалдуу жумуштарды баштоону талап кылдыңыз эле(www.vb.kg/doc/363445).

        Андан тышкары, 2019 жылдын 30 январында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Өкмөткө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Маминспекциясынын жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамагенттигинин ишмердүүлүктөрүнө 1 мартка чейин  анализ жүргүзүүнү, аталган органдардын жетекчиликтеринин жеке жоопкерчиликтерин кароого сунуш кылган чечимине кол коюлган.

    Бирок, бүгүнкү күнү биз керектүү чаралар кабыл алынбаганын, иш алып баруу ыкмалар баштагыдай эле өзгөрүүсүз калганын, жаратылыш коргоо багытында байкалаарлык позитивдүү өзгөрүштөр жок экендигин өтө өкүнүчтүүлүк менен белгилөөгө аргасызбыз.

    2016 жылы өлкөнүн Айлана-чөйрө менен токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинде 8 коррупциялык зона жана 32 коррупциялык тобокелчиликтер аныкталган, коррупциялык фактылар боюнча ушу күнгө чейин эч ким жазаланбай келүүдө.

     Чет өлкөлүк эксперттер тарабынан Кыргызстандагы экологиялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугу боюнча Обзорунда (2009 ж.) берилген сунуштары аткарылбагандыгы белгиленген. Бүгүнкү күнү да бул абал өзгөрүүсүз бойдон.

    Жалпылап айтканда, Кыргызстандын экология тармагындагы абалды - айрым чиновниктердин кызыкчылыгын көздөп, атайын уюштурулган баш аламандык деп мүнөздөөгө болот, мунун кесепетинен жаратылышка жана мамлекетке болуп көрбөгөндөй зыян тийип жатат. Мындай абалдын бир жыйынтыгы катары, Кыргызстан бүгүнкү күнү коңшу мамлекеттерден жаратылыш коргоо ишмердүүлүгүндө көп багыттар боюнча өтө артта калгандыгы эсептелет.

       2019 жылдын 23 майында Бишкектеги «Аймактар үчүн таза суу» форумунда сүйлөп жатып, Сиз Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан жана экологиялык зыяндуулукту жок кылууга багытталган арзан каражаттарды жана гранттарды иш-чараларга тартуу боюнча иштер өтө канааттандырарлык эмес жүргүзүлүп жатканын белгиледиңиз. Ошол эле учурда бул максатта Казахстан 1,5 млрд. доллар, Таджикистан - 328 млн. доллар, Узбекистан - 50 млн. доллар тарта алды.

     Саясий эрктүүлүктү, мамлекетибиздин экологиялык багытындагы баардык ресурстарды мобилизациялоо жана ага тийешелүү чечимдерди тез арада кабыл алуу муктаждыгы ачык айкын болууда.

      Кыргызстан Жашылдар Партиясы, Сизди Баш мыйзамдын гаранты катары таануу менен коррупция менен күрөшүү демилгеңизди толугу менен колдоп, көптөгөн жарандардын тынчсыздануусун тең бөлүшүп, эч кандай ишмердүүлүк, эч кандай  долбоорлор өлкө кызыкчылыктарына зыян келтирбегендей жана калктын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч туудурбагандай абалды  иш жүзүндө камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.

   Биз Кыргызстандын жаратылыш ресурстары - келечек муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен колдонулушун каалайбыз. Адамдардын экологиялык аң-сезимин  өзгөртүү жана аларды  активдештирүүгө жол ача турган чараларды тезинен көрүү зарыл, бул нерсе ар бир адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун ар тараптан ишке ашырылуусуна өбөлгө түзмөк (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-беренеси).

        Кыргызстан Жашылдар партиясы ушул максатта Сиздин карооңузга дагы бир жолу Кыргызстанда 2020-жылды Экология Жылы деп жарыялоону сунуш кылат.

    Бул демилге Кыргызстандын эгемендик жылдарында биринчи жолу жарыяланып жаткан Экология жылы өлкөнү  өнүктүрүүдө сапаттуу бурулуш жасай турган жылдардан болуп, олуттуу өзгөрүүлөрдүн катализаторуна айлантчу биринчи демилге болуп калат.

         Кыргызстандагы Экология жылы:

        - коңшулаш мамлекеттер менен жаратылышты коргоо боюнча кызматташууга жакшы импульс берет, аларда 2100-жылга карата мөңгүлөрүбүз дээрлик толугу менен жок болуу коркунучуна  жана радиоактивдүү заттар көмүлүүчү жайлардан  улам келип чыккан тобокелчиликтерге байланыштуу түп-тамырынан берки өзгөрүүлөргө негиз болот;

     - ШКУга мүчө өлкөлөрдүн (2018-жылдын 9-10-июнунда) Циндаодо  кабыл алынагн Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташтык Концепциясын ишке ашырууга, “Шанхай руху” кызматташтыгын өркүндөтүүгө, туруктуу регионалдык экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт;

      - ЕАЭС мүчө өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташтыктын алкагындагы күн тартибине коюлган маанилүү маселе болот жана “Төрт Эркиндиктин” - жашоонун жана айлана-чөйрөнүн сапаты боюнча керектелүүчү бешинчи компоненти катары  кирет;

    Кыргызстандагы Экология жылы регион өлкөлөрүндө жашаган элдердин экологиялык коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракеттерди интеграциялоо иштеринде локомотив болуп бере алат.

    Биз, ошондой эле, Россия жана Борбордук-Азия аймагындагы (Казахстан, Таджикистан, Узбекистан, Туркменистан, Кытай, Афганистан, Иран, Индия, Пакистан, Монголия) мамлекет башчыларына айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн  биргелешүү чакырыктары менен кайрылдык (тиркеме, чыг. №1097, 01.08.2018ж.).

      Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар жана экология министрлигинен  биздин демилгебизди колдооору жана жогоруда белгилегендей, аларда 2013-жана 2017-жылдары экология өлкөнүн жогорку артыкчылыгы катары  белгиленгени тууралуу жооп алдык.

      Казахстан Республикасынын Энергетика Министрлигинен 2013-жылы өлкөнүн "жашыл экономика" деңгээлине өтүү боюнча Концепция кабыл алгандыгы жана “Экологиялык маданияттуулук жана айлана-чөйрөнү коргоо жылын” өткөрүшкөндүктөрү тууралуу жооп алынды. Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинен демилгени колдошо тургандыгы тууралуу жооп келди.

      Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргызстан Жашылдар партиясы, Кыргызстанда 2020-жылын  Экология жылы деп жарыялоо актуалдуу деп эсептейт жана төмөндөгүлөрдү сунуш кылат:

-          2020-жылы Кыргызстанда Экология жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык комитетти түзүү; ал комитет - Беш жылдык (2021-2025 жылдарга) Программаны жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу;  зарыл болгон негиздерди, баалоо, талдоо жана башка иштерди алып баруусун;

-          Кыргызстан тарабынан Бишкек шаарында  2002-жылы  биринчи жолу өткөн тоо саммитинин өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу 20 жылдык мааракеге дал келүүчү 2022 жылы  Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү демилгелөө;

-          ЕАЭС мүчө өлкөлөргө экологиялык коопсуздук жана алардын айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселеси боюнча жалпы мамилелердин тартибин негиз катары кабыл алып, кызмат кылган Экологиялык кодексти иштеп чыгууну сунуштоо;

         Демилгечинин укугу менен  жалпы экологиялык жана жаратылышты сактоо саясатын иштеп чыгуу боюнча БЭКтин (Бирдиктүү Экологиялык Комиссиянын) штаб-квартирасын Бишкек шаарында же Чолпон-Ата шаарында уюштурууну сунуштоо.

Тиркелет:

1. Көчүрмө, чыг. №1011   25.06.2018ж.

2. Көчүрмө, чыг. №1097  01.08.2018ж.

3. Анкеталардын көчүрмөсү.

 

Кыргызстан Жашылдар партиясынын төрагасы

Кыргыз Республикасынын экологиялык омбудсмени

Кыргызстан Жашылдар кыймылынын төрагасы                                    Э.Булекбаев

Copyright © 2004-2019. Бардык укуктар Автордук укук мыйзамы тарабынан корголгон.
Материалдарды жүктөөдө GREEN.KG сайтына шилтеме кылуу зарыл!
Яндекс.Метрика