ДҮЙНӨЛҮК КООМЧУЛУККА АЧЫК КАТ

25.04.2019
Басып чыгаруу

Кыргызстандын “Жашылдар Кыймылы” Кыргызстандын “Жашылдар Партиясынын” төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Экологиялык Акыйкатчысынын атынан, курулай элестетилген экономикалык пайда көрүү үчүн улуттук мыйзамдарды жана эл аралык милдеттенмелерин бузуу менен Ысык-Көл биосфералык аймагынан уран казып алууга уруксат берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин сынга алат. Натыйжада, Борбордук Азия регионунда олуттуу экологиялык коркунуч туулуп жатат.

Коомчулукка уран кени боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө карата лицензия 2010-жылы эле берилгени белгилүү болуп жана коомчулуктун кеңири нааразычылыктарынан кийин гана 2019-жылдын 25-апрелинде КР Өкмөтү кайсы бир "Кыргызстандагы ЮрАзия компаниясына" ишеним кылган лицензиясын кайтарып алганын жар кылды.

Ысык-Көл ойдуңу бийик тоолор менен курчалган тоңбогон көлдүү кайталангыс жаратылыш түзүлүшү жана көп сандаган ысык суу булактары менен уникалдуу болуп саналат, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) тарабынан  биосфералык резерваттардын дүйнөлүк тизмесине киргизилген. Аталган резерваттар дүйнөнүн тарыхый, маданий мурастарын жана уникалдуу экосистемаларын сактоочу аймактары болуп эсептелет. Улуттук маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын статусуна ээ, анын ичинде "Кара-Көл" улуттук жаратылыш паркы жана "Сарычат-Эрташ" мамлекеттик коругу да бар.

Өлкөнүн мыйзамдары боюнча бул жерде геологиялык-чалгындоо иштерине жана абага радиоактивдүү заттарды бөлүп чыгаруу менен байланышкан чарбалык иштерге тыюу салынат. Башкача айтканда, Ысык-Көл областынын аймагындагы уранга байланыштуу лицензияларды берүү боюнча мамлекеттик органдардын ар кандай иш-аракеттери мыйзамга каршы келет.

Бул уран кени Ысык-Көлдөн алыс эмес жайгашкан жана катарлаш Орто-токой суу сактагычы жана Казакстан менен чектешкен Чүй дарыясы орун алган. Долбоор боюнча бул кенди иштетүү менен ачык ыкма жетишилип, казуунун тилкесинен кайра иштетүү үчүн, болжол менен, 300 км аралыктагы Кара-Балта шаарына жеткирилет. Жол капчыгайды бойлой жана Бишкек республиканын борбору аркылуу калктуу конуштардын жанында өтөт.

Ошентип, анын терс таасиринен (чаңдоодон, суунун булгануусунан, радиоактивдүүлүгүнөн) келип чыгуучу, болжол менен, 500 (беш жүз) миң Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын, 1 (бир) миллиондон ашуун Бишкек тургундарынын, жыл сайын Ысык-көлгө эс алууга келчү 1,5 (бир жарым) миллион туристтердин жана Казакстандын түштүк аймактарындагы калктын ден соолугу коркунучтун алдында. Биз өлкөбүздүн туристтик тармагын жана экологиялык жактан таза азык-түлүктү - аймактын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги тармактарын жоготобуз. Коңшу өлкөлөр (Казакстан жана Өзбекстан), ошондой эле, трансчек аралык радиоактивдүү заттардын булгануусунан жапа чегишет.

Өзгөчө, дагы бир маанилүү жагын белгилей кетүү керек. Белгилүү болгондой, Борбордук Азия аймагында совет мезгилинен бери калган жана региондун калкынын жашоосуна жана ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирген уран калдыктарын сактоочу жайлар жайгашкан. Бул объекттер кейиштүү абалда турат, аларга оңдоо, бекемдөөчү жана калыбына келтирүү иштери талап кылынат. Бүгүнкү күндө алардын ичинен жетөөсү, үчөө Кыргызстандын аймыгында өтө коркунучтуу. Эгерде алар реконструкцияланбаса (кайра калыбына келтирилбесе), эл аралык масштабдагы экологиялык кырсык болушу толук мүмкүн. Ушуга байланыштуу 2014-жылы Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын бийлиги эл аралык коомчулуктун колдоосу менен калдык сактоочу жайларды рекультивациялоого (кайра калыбына келтирүүгө) киришти. Бул иш Европа союзунун, Дүйнөлүк банктын, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жана Россиянын биргелешкен күч аракеттери менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын президенти С. Жээнбеков 2018-жылдын 25-сентябрында БУУНун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөп жатып, регионалдык мүнөздөгү экология чөйрөсүндө башкы маселе болуп советтик доордон калган радиоактивдүү өнөр жай мурастар көйгөйү - уран калдыктарын сактоочу жайлары, деди жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2013-жылдагы "Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу" Резолюциясын жаңыртуу демилгесин жарыя кылды. Мурдатан келе жаткан урандын калдыктарын сактоочу жайларынын көйгөйлөрүн чечпей туруп, аталган аймактарды рекультивациялоо (кайра калыбына келтирүү) үчүн ар дайым эл аралык уюмдардан жардам сурап, ошол эле убакта, мындай объекттерди жаңыдан түзүү – бул цинизмдин жана эки жүздүүлүктүн  эң жеткен чеги. Ал эми өлкөнүн жогорку сейсмикалуулугу, жер көчкү коркунучу жана өсүп бараткан табигый катаклизмдер шартында - бул келечек муундарга каршы кылмыштык иштерге тете турат!

Биз бийликтен республиканын бардык аймагында уран иштеп чыгарууну толук тыюу салууну жарыялоону жана өлкөнүн Кыргызстан үчүн да, жалпы борбордук азия региону үчүн да келечектүү жана экономикалык пайдалуу"жашыл" өнүктүрүүсүн камсыз кылууну талап кылабыз.

Биз каршылык көрсөтүү акцияларын улантабыз, кол тамгаларды чогултууну улантабыз жана Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Өкмөтүнөн уранды казып алууга тыюу салуусуна жетишебиз!!!

Биз дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандагы экоцидге жол бербөө боюнча элибиздин эркин билдирүүсүн жана Жашыл Кыргызстандын аракетин колдоону суранабыз.

 

Кыргызстандын Жашылдар Партиясынын Төрагасы,

Кыргыз Республикасынын Экологиялык Омбудсмени,

Кыргызстандын Жашылдар Кыймылынын Төрагасы

                                                                                                             Эркин Булекбаев

Copyright © 2004-2019. Бардык укуктар Автордук укук мыйзамы тарабынан корголгон.
Материалдарды жүктөөдө GREEN.KG сайтына шилтеме кылуу зарыл!
Яндекс.Метрика