Бизге Экология жылы керек

25.06.2018
Басып чыгаруу

Кыргызстандагы Экология жылы регион өлкөлөрундө жашаган элдердин экологиялык коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракеттерди интеграциялоо иштеринде локомотив болуп бере алат.

Чыккан № 1011, 25.06. 2018 ж.

 Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго 

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

Алдыңкы цивилизациялык көз караштар жана эл аралык институттар айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүп баратышы менен байланышкан көйгөйлөр боюнча ондогон жылдардан бери коңгуроо кагып келет.

1992-жылы 1700дөн ашуун окумуштуу, алардын ичинде Нобель сыйлыгынын ээлеринин көбү дагы, экосистемалар талкалануу жолуна түшкөнү жөнүндө адамзатка эскертүү жасап, планетага мүмкүн тийе болгон зыян тууралуу тынчсыздануу билдирген.

Жыйырма беш жылдан кийин (2017-жылы) 184 өлкөнүн 15364 окумуштуусу адамзатка кайрадан кайрылып, өткөн мезгил аралыгында бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча жетишээрлик алдыга жылуу болбогонун белгилеген. Бүгүнкү күндө бул маселелер адамзаттын коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч туудуруп, жаратылыш кырсыктарына, суу ресурстарынын азайышына жана уникалдуу экосистемалардын талкаланышына алып келүүдө.

Эксперттердин баасына ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын да бул коркунучтар алдындагы алсыздыгы күч алып, жаратылыш ресурстарына жана айлана-чөйрөгө карата басым күчөп баратат.

Өлкөбүздүн жаратылышынын өзгөчөлүгү болуп – анын аймагында тоолор басымдуулук кылышы менен шартталган жогорку деңгээлдеги морттук эсептелет, өлкө аянтынын дээрлик 90 пайызы деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашат, пайдалуу аймак ресурстары өтө аз, айдоо жерлери өлкөнүн аянтынын 7 гана пайызын түзөт.

Кыргызстан жаратылыштын сейрек кездешчү белегине – таза суу коруна ээ, дүйнөдө болсо азыр 2 миллиарддан ашуун адам башынан таза суу тартыштыгын кечирип жатат. Республикабыздын стратегиялык артыкчылыгы мына ушунда. Аймагыбыздын 4 пайызын ээлеген мөңгүлөрдө 750 млрд куб метрден ашуун ичүүгө жарамдуу таза суу бар. Жыл сайын тоолордон 50 куб км суу агып түшөт, жеке керектөөгө анын 20 гана пайызы колдонулуп, калганы коңшу мамлекеттерге кетет. Казакстандын суу ресурстарына транс чек аралык көз карандылыгы – 42%, Өзбекстандыкы – 77% түзөт (КРнын СИУИсинин маалыматтары).

 Өлкөнүн дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү – анын бай табигый рекреациялык потенциалы жана кол тийбеген ландшафттар. Кыргызстан – планетанын экологиялык жактан артыкчылыктуу болгон 200 регионунун катарына кирет, бизде дүйнөлүк флора түрлөрүнүн 2 пайызга жакыны өсөт жана дүйнөлүк фаунанын 3 пайыздан ашыгы жашайт, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын кандайдыр бир бөлүгү эндемиктерге кирет. Өлкөдө көпчүлүк топтордун түрлөрүнүн концентрациясы бүтүндөй планетадагыга караганда алда канча жогору. Мисалы, дүйнө жүзүндө бир миң чарчы километрге канаттуулар түрүнүн саны 0,012 болсо, бизде – 1,86.

 

Дүйнө коомчулугу менен мамлекеттер алдында биологиялык ар түрдүүлүктүн бул кол тийбеген бастиондорун сактап калуу деген ыйык милдет турат. Бул татаал маселе, анткени антропогендик басым күч алууда. Бүгүнкү күндө бүтүндөй планетада түрлөрдүн жок болуусу алардын кадимки табигый жок болуусунан он миң эсе тез болуп жатат.

Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн татаалдыгын түшүнүп, Кыргызстан 1998-жылы тоолордо жашаган элдердин кыйынчылыктарын аныктоо үчүн Эл аралык тоолор жылын жарыялоо сунушу менен БУУга кайрылган. 2002-жылы Эл аралык тоолор жылы өткөрүлүп, жыйынтыктоочу иш-чара катары Бишкектеги Глобалдык тоо саммити өткөн. Анын жыйынтыгы катары БУУ 2003-жылы 11 -декабрды Эл аралык тоолор күнү деп жарыялаган.

Кыргызстан глобалдык экологиялык коркунучтарды жана климаттын өзгөрүсүн басаңдатуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иштерине активдүү катышууда. Он алты эл аралык конвенция менен протокол ратификацияланып, ондон ашык улуттук программа кабыл алынып, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашырылган. Бирок биз өкүнүү менен – бул аракеттердин натыйжасы өтө деле байкалбай жатканын белгилегенге аргасызбыз.

Кыргызстан Жашылдар партиясы тынчсыздануу менен – экологиялык маселелердин кесепети экосистемалардын абалына жана калктын саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканын белгилейт.

Кыргызстанда уран калдыктарын жана башка зыяндуу калдыктарды сактоочу 90 жай бар, аларда 286 млн тонна калдык жатат (ПРООН, 2012). Бул жайлар дарыялардын боюнда, калк жашаган айылдарга жакын жерлерде жайгашып, жергиликтүү тургундарга, ошондой эле 12 млн калкы бар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө олуттуу коркунуч туудуруп жатат.

Малды баш аламан жаюу жана токойлордогу бактарды кыюу – алардын аянтынын олуттуу кыскарышына алып келип, токойлордун өзүн өзү калыбына келтирүүсү токтоп, жайыттардын 70 пайызы кыйроого учуроодо.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 85 пайызы азыр кыйроо коркунучу астында. Топурактын шорлуу болуп бузулушу жер аянттарынын биологиялык жана экономикалык өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтүп, туруктуу түшүм алуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат.

Чет өлкөлүктөр үчүн уюштурулган мергенчилик жана браконьерлик азыр жандуу жаратылышка болуп көрбөгөндөй зыян тийгизип, кимдир бирөөлөрдүн баюу булагына айланууда. Жаныбарлардын 92 түрү, өсүмдүктөрдүн 65 түрү азыр жоголуу коркунучу астында, жаныбарлардын 11 түрү жок болду.

Массалык мыйзам бузуулар азыр коруктарда да абдан көп белгиленип жатат. Маселен, 1979-жылы – эл аралык биосфералык коруктар тармагына, ал эми 2016- жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген уникалдуу Сары-Челек коругу коммерциялык объектке айланып, ал ээ болгон эл аралык макамдан ажыроо коркунучуна кептелди. Чиновниктердин өзүм билемдигине коруктун жумушчуларынын каршы күрөшкөнү ал жумушчулардын жумуштун айдалуусу менен аяктап жатат.

Андан тышкары, коомчулукту – өлкөнүн сырткы келбетин бузуп, өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон туризмди өнүктүрүүгө олуттуу бөгөт туудуруп жаткан турмуш тиричилик калдыктар маселеси тынчсыздандырат.

Булгануу коркунучуна, айрыкча, тоолуу жерлердеги көлмөлөр туш болуп жатат. Олуттуу кооптонууну – калдыктар жана химиялык заттар менен улам көп булганып бара жаткан Кыргызстандын бермети Ысык-Көл жаратат.

Көлмөлөр улам барган сайын бизнес-менчиктештирүү объектине айланып, жарандар эркин бара ала турган жерлер дээрлик калбай калды.

 

 

Мөңгүлөрдүн эриши – өзгөчө маселе. Алардын аянты 2025-жылга карата орто эсеп менен 30-40 пайызга кыскарышы ыктымал. Окумуштуулар мөңгүлөрдүн эришин адамдык фактор менен да байланыштырууда, анын натыйжасында акыркы 30 жыл аралыгында өлкө 15 пайызга жакын мөңгүсүн жоготту. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашаган 604 миңге жакын адам таза суу тартыштыгына туш болду.

Үстөккө босток, шаарларда бак-дарактар аёосуз жок кылынып жатат, бактарды кыюу жана отургузуу мунипмципалдык кызматтардын жемиштүү коррупциялык тармагына айланды. Бишкектин базарларында 200-500 сомдон сатылчу көчөттөрдү 9090 сомдон сатып алуу фактысы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул максатта бюджеттен 60 млн сом сарпталган.

Жыйырма беш жыл аралыгында Бишкекте бак-дарактар ээлеген аянт 10 эсеге, сейил бактардын аянты 100 гектардан ашыкка кыскарды. Туш келди курулуштар инфраструктурага барган сайын күч келтирип, курулуш жана экологиялык нормаларды барк албоо бардык жерде көнүмүшкө айланды.

Автотранспорт санынын өсүшү, баш аламан курулуштар, бак-дарактарды кыюу шаар чөйрөсүнүн сапатын начарлатып баратат. Бишкекте зыяндуу заттардын концентрациясы нормалардан туруктуу ашып жатат. Мисалы, формальдегид – 6 эсеге, азот диоксиди – 2 эсеге көп(2016-ж.).

Айтылгандар – Кыргызстанда бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо коммерциялык кызыкчылыктар жана керт башын байытууну гана көздөгөн адамдардын кысымына туруштук бере албастыгын айгинелейт. Мындай абал мамлекеттик экологиялык органдар өздөрүно жүктөлгөн милдеттерди аткара албай жаткандыгын дагы бир жолу тастыктайт. Жаратылышты коргоо иштеринин айрым багыттары өтө солгундап калган, ошондой эле, эксперттер далай жолу белгилегендей, көптөгөн жалпы кемчиликтер бар.

Тээ 2000-жылы эле Кыргызстандагы экологиялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугунун биринчи обзорунда (ЕЭК БУУ) эл аралык эксперттер тарабынан кемчиликтер белгиленип, абалды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Тогуз жылдан кийин Экинчи обзордо (2009) – ал сунуштар менен көрсөтмөлөр аткарылбай жаткандыгы белгиленген. Бүгүнкү күндө да абал өзгөргөн жок. Мындай жагдай аыйрымдар үчүн пайдалуу, анткени коррупцияга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңеши курамындагы антикоррупциялык стратегияны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумуш тобу тарабынан 2016- жылы Айлана-чөйрө менен токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинде (АТЧКМА) 8 коррупциялык зона жана 32 коррупциялык тобокелчилик аныкталган.

Жаратылышты коргоо боюнча ыйгарым укуктары бар адамдардын коррупцияга малынгандыгы жөнүндө коомчулук жакшы билет. Мисалы, ММК төмөнкүдөй фактыларды жарыялаган:

– 16 га арча токоюн кыюудан улам келтирилген зыян 21,3 млн сом деп эсептелип, андан соң АТЧКМАнын директору (С.Атажанов) тарабынан 4,6 млн сомго чейин азайтылгандыгы жөнүндө (2013-ж.);

– АТЧКМА кызматкери (О.Мусаканов) тарабынан аркар-кулжаларга жана тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат берүү үчүн 15,4 миң доллар жең ичинен алынып, колго түшөөр алдында пара катары алынган ал акчаны өрттөп салууга үлгүргөнү жөнүндө (2015-ж.);

 – Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунда ар башка иштер менен материалдардын баасын, анын ичинде АТЧКМАнын курамына кирген Айлана- чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук тармагын мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору Б.Төлөнгүтовдун кол алдында иштеген «Чүй экологиялык

 

 

 

лабораториясынын» (ЧЭЛ) жасаган кызматынын баасы негизсиз жогорулатылганы (249 миң долларга) жөнүндө (2016-ж.).

Коррупция Айлана-чөйрөнү коргоо тармагына бөлүнгөн гранттарды өзүнө ыйгарып алууда да көрүнүп жатат. Климат боюнча улуттук маалыматтарды даярдоого гранттарды (1 млн доллардан ашык) жеке уюмдарга (З.Абайханова) АТЧКМА конкурс өткөрбөстн берген. Бирок эч ким жазаланып, жоопкерчиликке тартылган эмес.

Жалпылап айтканда, Кыргызстандын экология тармагындагы абалды – айрым чиновниктердин кызыкчылыгын көздөп, атайын уюштурулган баш аламандык деп мүнөздөөгө болот, мунун кесепетинен жаратылышка жана мамлекетке болуп көрбөгөндөй зыян тийип жатат.

Кыргызстан Жашылдар партиясы Сиз баштаган коррупцияга каршы күрөштү толугу менен колдоп, көптөгөн жарандардын тынчсыздунуусун тең бөлүшүп, эч кандай ишмердүүлүк, эч кандай долбоорлор өлкө кызыкчылыктарына зыян келтирбегендей жана калктын жашоосуна коркунуч туудурбагандай абалды иш жүзүндө камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.

Биз Кыргызстандын жаратылыш ресурстары – келечек муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен колдонулушун каалайбыз. Жаратылыш менен карым-катыштын баалуулугун жана аны кадимки абалында сактоо зарылдыгына коомчулук акырындык менен жаңыча баа бериш керек экенин түшүнүп жатат. Жаратылышты рекреациялоонун маанилүүлүгү жыл санап өсүп баратат, анткени көптөгөн өлкөлөрдө жаратылыш менен катнаш көптөгөн адамдар үчүн азыр мүмкүн болбой калды. Мындайдан алыс болуу үчүн, биз жаратылыш системаларын эффективдүү коргоого жана аны калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.

Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү жана аларды активдештирүүгө жол ача турган чараларды тезинен көрүү зарыл, бул нерсе ар бир адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун ар башка жолдор менен ишке ашырууга өбөлгө түзмөк (КР Конституциясынын 48-беренеси).

 Биз өзүбүздүн таза, коопсуз Кыргызстанда коррупциясыз жашоо укугубуз бузулуп жатат деп билдиребиз! Бул укукка жетүү үчүн бийликтин күч аракети аздык кылат. Бул – бүтүндөй коомчулуктун жалпы милдети.

Биргелешкен аракет аркылуу гана кыйратуучу иш-аракеттерди токтотуп, экосистемаларды сактап калууга болот. Атуулдардын индивидуалдык жүрүм- турумун жана саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин, бизнес өкүлдөрүнүн экология маселелерине карата мамилесин өзгөртүү үчүн тезинен чаралар көрүлүшү зарыл.

Ушул максатта Кыргызстан Жашылдар партиясы 2019-жылды Кыргызстанда Экология жылы деп жарыялоо демилгесин карап чыгууңузду сунуштайт.

Экология жылы – өз жаратылышыбызды сүйүүгө жана аны сактоо үчүн колдон келген нерсенин баарын жасоого багытталган иштиктүү чакырык!

Кыргызстандын эгемендик жылдарында биринчи жолу жарыяланып жаткан Экология жылы өлкөнү өнүктүрүүдө бурулуш жасай турган жылдардан болуп, олуттуу өзгөрүүлөрдүн катализаторуна айлана алат.

Бул – коомдо позитивдүү эрк жаратууга, өлкөнү биргелешип таза жана мыкты кылууга жана жарандарды ага умтулуусун жаратуу мүмкүнчүлүгү болмокчу. Мамлекеттик кызматтарга жана экология тармагындагы абалга карата коомчулуктун ишенбестиги жаралган опурталдуу абалды жөнгө салуу зарыл.

Экологиялык багытта укук бузгандардын бардыгын жоопкерчиликке тартып, укук бузуулардан улам тийген экологиялык чыгымдардын ордун толуктоо боюнча чаралар көрүлүшү зарыл. Бул коомдогу ыйманды айыктыруу үчүн дагы керек.

 

 

 

Сурамжылоолорго ылайык, экологиялык коопсуздук маселелери элди өтө тынчсыздандырат, ошондуктан аларга – өз социалдык турумун активдүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, экологиялык иштерге күжүрмөн катышуусун камсыз кылуу зарыл.

Жер-жерлерде экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү боюнча практикалык жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүргүзүлмөкчү.

Бул жаратылышты жана анын ресурстарын коргоо ишинде жаңы архитектура түзүү боюнча саясий эрк пайда болгонун көрсөтүп, жашыл экономиканы, энергиянын жаңылануучу булактарын, чакан ГЭСтерди, экологиялык унаа (троллейбустар, электромобилдер ж.б.) өнүктүрүүгө жаңы түрткү болот.

Жакшы сакталган экосистемабыз жана жаратылыш ресурстарыбыз болсо, биз өлкөбүздү планетадагы жемиштүү оазис кылып, Кыргызстанды органикалык айыл чарба зонасына, ГМОдон алыс, экологиялык жактан таза азыктардын өлкөсү кыла алабыз. Бул – дүйнөлүк сахнада алдыга озуп чыккан өлкө брендине айлана алату.

Андан сырткары, Борбор Азия регионунда биринчи жарыяланган Экология жылы:

– коңшулаш мамлекеттер менен жаратылышты коргоо боюнча кызматташууга жакшы импульс берет, аларда 2100 жылга карата мөңгүлөр дээрлик толугу менен (95 пайызга) жок болуу коркунучуна жана радиоактивдүү заттар көмүлүүчү жайлардан улам келип чыккан тобокелчиликтерге байланыштуу түп-тамырынан берки өзгөрүүлөргө негиз болот;

– ШКУга мүчө өлкөлөрдүн (2018-жылдын 9-10-июнунда) Циндаодо кабыл алынган Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташтык концепциясын ишке ашырууга, «Шанхай руху» кызматташтыгын өркүндөтүүгө, туруктуу регионалдык экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана, ошондой эле, моралдык императив катары адамзаттын азыркы жана келечек муундарынын, планетанын башка тургундарынын жашоосун эске алуу менен чараы көрүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстандагы Экология жылы регион өлкөлөрундө жашаган элдердин
экологиялык коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракеттерди интеграциялоо
иштеринде локомотив болуп бере алат.

Биз экология жана климат маселелерине бүтүндөй региондун көңүлүн буруу максатында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, 2019-жылды алардын өлкөлөрүндө да Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылабыз.

Айтылгандарды эске алуу менен Кыргызстан Жашылдар партиясы 2019-жылды Кыргызстанда Экология жылы деп жарыялоо актуалдуу деп эсептейт

жана төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

– Кыргызстанда 2019-жылы Экология жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык комитет түзүү; ал комитет – Беш жылдык (2019-2023-жылдарга) программаны жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу; зарыл болгон негиздерди, бааларды, анализдерди ж.б. даярдоо үстүндө иштейт;

– Бишкекте 2002-жылы өткөн тоо саммитинин 20 жылдыгына карата Кыргызстанда 2022-жылы экинчи Бишкек Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү демилгелейт.

  

Терең урматтоо менен,

Кыргызстан Жашылдар партиясынын төрагасы,

Кыргыз Республикасынын экологиялык омбудсмени                           Э.Бөлөкбаев

Copyright © 2004-2019. Бардык укуктар Автордук укук мыйзамы тарабынан корголгон.
Материалдарды жүктөөдө GREEN.KG сайтына шилтеме кылуу зарыл!
Яндекс.Метрика