Бизге Экология жылы керек
25.06.2018

Кыргызстандагы Экология жылы регион өлкөлөрундө жашаган элдердин экологиялык коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракеттерди интеграциялоо иштеринде локомотив болуп бере алат.

Чыккан № 1011, 25.06. 2018 ж.

 Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго 

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

Алдыңкы цивилизациялык көз караштар жана эл аралык институттар айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүп баратышы менен байланышкан көйгөйлөр боюнча ондогон жылдардан бери коңгуроо кагып келет.

 

Кененирээк
Экология жылы - 2020
07.10.2019

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго 

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

    Кыргызстан Жашылдар партиясы Сизге мурда, өлкөнүн учурдагы экологиялык проблемалары жана алардын терс таасирлери (экосистемалардын бузулушу, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, суу соолуп жана анын сапатынын начарлашы, уран калдыктары, ж.б.) жөнүндө баяндап, Кыргызстанда Экология жылын жарыялоо демилгеси менен кайрылган. Бул жөнүндө каттын көчүрмөсү (чыг.№1011, 25.06.2018 ж.) тиркелет.

       Биз өлкөнүн негизги приоритети – бул экология экендигин аныктоо, ошондой эле 2020-жылды Кыргыз Республикасында Экология жылы деп жарыя кылуу зарылчылыгына Сиздин көңүлүңүздү дагы бир ирет бурабыз.

Кененирээк
06.05.2019

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш.Жээнбековго 

Көчүрмөсү:       Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин депутаттарына 

 

КЫРГЫЗСТАНДА УРАН КАЗУУГА ЖОЛ ЖОК!

КҮНӨӨЛӨР ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛСЫН!!

ЖЕТИШЕТ, ЭЛДИ АЛДООНУ ТОКТОТКУЛА!!! 

Р Е З О Л Ю Ц И Я 

Биз, кыргызстандыктар -"уранды казып алууга каршы!" митингинин катышуучулары, бийликтин мыйзам бузуулар боюнча таасирдүү чараларды кабыл ала албагандыгы жана элди алдоону улантып, Ысык-Көл биосфералык аймагындагы уран казып алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча нааразычылык жарыялайбыз.

1.Ыссык-Көл өрөөнүндөгү Кызыл-Омпол аймагындагы уран кени боюнча геологиялык чалгындоо иштеринин мыйзамсыз берилгендиги жана лицензияны узартууга байланыштуу фактылар качан жергиликтүү тургундар бул пландарга каршы 2018-жылдын ноябрь айында каршы чыгышып баштаганда гана маалым болду. Бирок, прокуратура органдары ушул кезге чейин эч кандай чара көрбөгөн, мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу сунуш-көрсөтмөлөр жана алдын ала эскертмелер киргизилген эмес.

Кененирээк
ДҮЙНӨЛҮК КООМЧУЛУККА АЧЫК КАТ
25.04.2019

Кыргызстандын Жашылдар КыймылыКыргызстандын Жашылдар Партиясынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Экологиялык Акыйкатчысынын атынан, курулай элестетилген экономикалык пайда көрүү үчүн улуттук мыйзамдарды жана эл аралык милдеттенмелерин бузуу менен Ысык-Көл биосфералык аймагынануран казып алууга уруксат бергенКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин сынга алат.Натыйжада, Борбордук Азия регионунда олуттуу экологиялык коркунуч туулуп жатат.

Коомчулукка уран кени боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө карата лицензия 2010-жылы эле берилгени белгилүү болуп жана коомчулуктун кеңири нааразычылыктарынан кийин гана 2019-жылдын 25-апрелинде КР Өкмөтү кайсы бир "Кыргызстандагы ЮрАзия компаниясына" ишеним кылган лицензиясын кайтарып алганын жар кылды.

 

 

Кененирээк
03.01.2019

Партия Зеленых Кыргызстана глубоко потрясена трагической гибелью людей в г.Магнитогорске.

Мы выражаем наши искренние соболезнования и скорбим вместе с родными и близкими погибших в результате нелепой трагедии под завалами дома.

 

Кененирээк
Copyright © 2004-2019. Бардык укуктар Автордук укук мыйзамы тарабынан корголгон.
Материалдарды жүктөөдө GREEN.KG сайтына шилтеме кылуу зарыл!
Яндекс.Метрика